Кара-Буура айылында “Экстремизмге каршы күрөшүү” аталышында иш-чара болуп өттү

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылынын Кара-Буура орто мектебинде “Экстремизмге каршы күрөшүү” аталышында иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара Чоң Кара-Буура айылынын имамы Ислам Куматаев  жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте уюштурулуп, анда окуучуларга экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан тышкары Ислам Куматаев чыныгы мусулман кандай болоорун төмөнкү хадиске токтолду:

“Пайгамбарыбыздын хадисинде “мусулман деген бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат”. Ошондуктан Ислам дини тынчтыкка, ынтымак биримдикке кана чакырат”,-деди ал.