КМДБнын алдындагы диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт  

«Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата республикадагы диний окуу жайларды бирдиктүү электрондук системага өткөрүү боюнча бүгүн, 5-ноябрь күнү түндүк аймактагы диний окуу жайлардын жетекчилерине Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмү атайын жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана окуу бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Диний окуу жайлардын жетекчилерине өткөрүлгөн жыйын 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер, балдардын окууга болгон ынтызарлыгын жогорулатуу жана өз ара байланышты бекемдөө, бирдиктүү окуу программасынын ишке ашуусу каралды.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан дагы жакшыртуу керектигин айтып, өзгөчө бирдиктүү окуу программасынын алкагында окуу процесси жүрүүсү керектигин баса белгиледи.

«4 жылдан бери Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барып келет. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр КМДБнын билим берүү тармагын бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек»,-деди Азирети Муфтий.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы бирдиктүү электрондук система боюнча кеңири маалымат берип, бул өз кезегинде диний окуу жайлар үчүн өзүнүн жемишин бере тургандыгын билдирди.