«Жанбото ата» мечитинин жергиликтүү жамааты муктаж 5 үй-бүлөгө ун таратты

«Жанбото ата» мечитинин жамааты муктаж 5 үй-бүлөгө 5 мүшөк ун таратып берди. Кайрымдуулук иш-чаранын уюштуруучусу имам хатиб Камилжан ажы Муратов бул сыяктуу көмөктөшүү иштерин башка мечит жамаатына жана  жалпы мусулман коомчулугуна сунуштайт.

«Аз-аздан жардам берүү ар бир кишинин колунан келет. «Бир үзүм нанды чын жүрөктөн садака берген киши ар кандай максатты көздөп берилген миллиондогон каражаттан артык сооп алышы мүмкүн. Колдон келсе муктаж кишиге жылмайып, жакшы сөз айтуу да чоң садака болуп эсептелет»,— деди Камилжан ажы Муратов.