Каракол шаарында ата-энелердин форуму өтүп, энелер мектеби түзүлдү

Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан ата-энелердин форуму өткөрүлдү. Форумга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, ата-энелер жана Иброхим ажы мечитинин имамы Рустам ажы Ыбыкеев катышты

Ата-энелердин форумунда энелер мектебин түзүү, балага туура тарбия берүүдөгү ата-эненин ролу, коомдун тарбияга тийгизген таасири, баланын инсан катары калыптанышына дин илиминин орду сыяктуу бир катар маселелер каралды.

Форумдун соңунда энелер мектеби түзүлүп, мектеп менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, жаш өспүрүмдөрдү туура тарбиялоо, аларды билимдүү кылып өстүрүү  багытындагы иштер жүргүзүлүүсү керектиги айтылды.