КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Ош аэропортунун аба жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдаган «Акка Кейтеринг» ишканасынын кызматкерлерине тамак-аштагы кошулмалар боюнча сабак өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Ош аэропортунун аба жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдаган «Акка Кейтеринг» ишканасынын кызматкерлерине  халал сертификатынын талаптарына ылайык атайын сабак өттү.

Бактияр ажы Токтогазы уулу аба жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдоодо анын курамына, ар кандай кошулмалардын талаптарга жооп беришине көңүл буруу керектигин айтып,  адал азык бир гана диний түшүнүк эместигин, бул таза, ден соолукка пайдалуу азык экендигин түшүндүрүп берди.

«Биз халал сертификатынын талабын кеңири түшүндүрүп бердик. Халал бир гана этке эмес, бул бардык азыктарга тиешелүү. Элибиздин ден соолугун бекемдөөдө сөзсүз түрдө биз азыктардын курамына маани беришибиз керек. Анткени тамак-аш даярдоодо ар кандай кошулмалар кошулуп, элибиздин ден соолугуна өз кедергисин тийгизип жаткан учурлар көп»,-деди Бактияр ажы Токтогазы уулу.