Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы мечитти жергиликтүү жашоочулар толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү

Жергиликтүү элдин колдоосу менен Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы мечит толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 5-ноябрь күнү колдонууга берилди. Мечитке жаңы килем төшөлүп, жылуулук системасы орнотулуп, эшик-терезелер салынган. Аны менен катар дубалдын ички-тышкы беттери кошо жасалып, капиталдык ремонттон өткөн.

«Айыл тургундары каражат чогултуп, өздөрү оңдогон мечит учурда толук кандуу пайдаланылып жаткан учуру. Айыл имамы Жумагулов Руслан жана башка жергиликтүү демөөрчүлөр жапа тырмак мечитти оңдоп бүтүп алышты. Эч кимден жардам күтпөй өз алдынча иш алып баргандары албетте кубандырбай койбойт” – деди Ат-Башы районунун баш имамынын орун басары Мирбек Кулматов.