Бишкек шаарындагы «Айша» мечити кыш мезгилине толугу менен даяр

Бүгүн,  30-октябрда Бишкек шаарындагы «Айша» мечитине жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен кышкы жылуулук үчүн керектелүүчү көмүр түшүрүлдү. Көмүр  мечит жана мечиттин жанындагы балдар борборун жылытуу үчүн керектелет.

«Кыштын камын жазда көр демекчи биздин мечит жамааты аракетибизди кылып, буюрса толугу менен кышкы жылуулук үчүн керектүү болгон көмүрдү камдап алдык. Башка мечиттер дагы эрте  аракет жасап, кышка кам көрүүлөрү зарыл»-деди  имам хатиб Мансурхан ажы Нарматов.