Ош шаарындагы “Шейит-Дөбө” Куран окуу борбору өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө даяр

Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери Жанарбек ажы Матиев “Шейит-Дөбө” Куран окуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыгышты. Муну менен катар казыят кызматкерлери окуу программасы жана  жана анын ишмердүүлүгү атайын бекитилген программанын алкагында болуусу керектигин эскертишти.

“Аталган окуу борбору  мамлекеттик каттоодон өтүп, иш кагаздары толук түрдө ийгиликтүү аяктады. Окуу борбордо балдар үчүн шарттар талапка ылайык түзүлүптүр”,-деди Жанарбек ажы Матиев.

Ал эми  Куран окуу борборунун мүдүрү балдарга тарбияны жашынан берип, ары ыймандуу, билимдүү адеп-ахлактуу кылуу зарыл экендигин билдирди.

“Абийириңди жашында сакта деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Биз окуу борборду ачуу менен жаштардын адеп-ахлагын жакшыртууга  аз болсо да, өз салымыбызды кошкубуз келди”,–дейт окуу борбордун мүдүрү Мирлан ажы Токтомушов