Баткен райондук хатибият кызматкери Сайдахмат Аппазов Газ айылынын эли менен жолугуп, аларды ысырапкерчиликтен сактанууга чакырды

Баткен районунун баш имам хатибинин жардамчысы Сайдахмат Аппазов  Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылынын эли менен  жолугушту. Жолугушуу «Усман Зуннурайын» мечитинде өтүп, анда Сайдахмат Аппазов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №259 буйругун ишке ашыруу максатында бирдиктүү жума хутбасы, адал-арам,  жетимдердин жана башкалардын акысынан сактануу боюнча баяндама жасады.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарды күз мезгилиндеги ысырапкерчиликтен сактанууга чакырып, мамлекетибиздин жаркын келечеги, элибиздин ынтымак, биримдиги үчүн бата кылышты.