Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Талас облусунда болуп, эл менен жолугушту

Кечээ, 29-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Талас облусуна барды.

Илимий сапары Талас шаарынын борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде уюштурулуп, анда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери менен биргеликте дин аалымы Чубак ажы Жалилов Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В) басып өткөн өмүр жолу туурасында баяндамасын жасады. Соңунда элдин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Облус казысы Таалайбек ажы Бапиев Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун Талас облусунун эли менен таасирдүү таалим-тарбия жасагыны үчүн ыраазычылыгын билдирди.