«7-апрель шейиттери» мечитинин наиб имамы оорулуулардан кабар алды

Бишкек шаардык казыятына караштуу «7-апрель шейиттери» мечитинин наиб имамы Таштемир ажы Эшматов кечээ, 29-октябрда шаардык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды.

Бейтаптар менен жолугушууда аларды сакайып кетүүсүн тилеп, дуба кылды. Анын айтымында, Аллах Тааланын алдында  оорулуу кишинин даражасы оорубай жүргөн кишиден жогору болот.

«Ар бир дарттын даабасы бар. Аллах Таала инсандын даражасын жогорулатуу үчүн ар кандай сыноолорду, ооруларды берет. Сабыр кылып шыпааны Аллахтан тилесек буюрса баары жакшы болот. Маселен кадимки темир иштебей турса, чаң басып алсырай берет. Отко какталып кызытылган сайын курчуйт. Ошол сыңары Аллах Таала да жакшы көргөн пендесин курчутуу үчүн сыноолорду берет»,- деди Таштемир ажы.