Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары менен жолугушту

Бүгүн, 30-октябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары доцент Абдүлмежит Исламоглу жана теология факультетинин окутуучусу Ибрахим Севдим менен жолгушту.

Жолугушууда имамдарга Түркия Диянет фонду тарабынан кыргыз тилинде басылып чыккан 7 томдук «Хадистердин негизинде ислам» аттуу китебин таратуу маселеси каралды.

«Чындыгында «Хадистердин негизинде ислам» китеби имамдар үчүн аябай пайдалуу жана жөнөкөй тил менен жазылган эмгек. Элибизге керектүү болгон маалыматтардын дээрлик баарын кездештирүүгө болот», — деди облус казысы Самидин каары Атабаев.

Эскерте кетсек, аталган китеп өткөн жылы бир канча имамдарга таратылган эле, эми болсо бардык имамдарга таратуу маселесе каралды.