Ноокатта ысырапкерчиликти алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Т. Зулпиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Т. Зулпиев айыл өкмөтүнүн жетекчиси Советбек Мурзакулов, баш имам хатиб менен биргеликте элдин ынтымагы туурасында сөз сүйлөп, ысырапкерчиликтин алдын алуу маселесин көтөрүштү.

«Айрым өлкөлөрдө бир сындырым нан табуу үчүн кандай гана мээнеттерди кылышпайт. Токчулуктан өлүптүр деген кепти бир канча жолу уктум, ачкачылыктан өлүптүр деген кепти бүгүнкү күндө уга элекмин», -деди баш имам хатиб Музаффар ажы Турдубаев.