Кара-Сууда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында «Азирети Ханзала» мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган мечит 432 чарчы метрди түзөт жана сол тарабында эки кабаттан турган окуу борбору дагы бар.

Мечиттин ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблясынын жетекчисинин жардамчысы Сайид Изза, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликти бийлик өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. ЖКнын депутаты Искендер Матраимов, диний окуу борборлору менен мечиттердин коомдогу ордун белгилеп, элди биримдикке, ынтымакка чакырды.

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров жергиликтүү элдин жаңы мечити менен куттуктап, ага салым кошкон бардык атуулдарга  грамоталарды жана ыйык Куран китептерин белек кылды.