Талас шаарында “Дин жана демократия” аталышында жаштар арасында тегерек стол болуп өттү

Талас шаарында “Дин жана демократия” аталышында жаштар арасында тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чара Талас облусунун жаштар кеңешинин кеңсесинде болуп, ага КРнын Дин иштери боюнча комиссиясынын Талас облусунун өкүлү Чынара Осмоналиева, Талас облусунун мусулмандар казыятынын иш башкармалыгынын адиси Медер ажы Сагынбаев  жана жаш активистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасында чакан талкуу жүргүзүлүп, жаштардын дин жаатында канчалык маалыматы бар экендиги иш жүзүндө бааланды. Андан соң келген дин өкүлдөрү ислам баалуулуктары жана принциптери боюнча түшүндүрмө беришти.