Балыкчы шаарында Баткен коогалаңынын 19 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясы жана Балыкчы шаардык хатибияты тарабынан уюштурулган, Баткен коогалаңынын 19 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү. Эскерүү аземи Балыкчы шаарынын борбордук аянтында болуп, атайын тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, коогалаңдап каза тапкан жоокерлердин элесине багышталып Куран окулду.

Иш-чарага ардагерлер, Балыкчы шаардык баш имам хатиб Чойбек ажы Исакунов, шаардык мэрия өкүлдөрү катышып, элибизге тынчтык каалап, ардагерлерге каалоо тилектерин айтышты.

Иш-чаранын соңунда курман болгондордун үй- бүлөлөрүнө, ошондой эле эмгек ардагерлерине зыярат болуп,  сыйлыктар тапшырылып, ардагерлер үчүн атайын сый тамак уюштурулду.