Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Казысы Алмазбек ажы Сагындыков 2019-жылга Каракол шаардык билим берүү бөлүмү, 10-бөлүм, Каракол шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн иш мерчемдин негизинде, Каракол шаарындагы №2-Пржевальский мектебине зыярат кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга, экстремизм, терроризм, «Ислам тынчытыктын дини», «Арак жана зына», «Салт жана дин» , “Өзүн-өзү өлтүрүү арам” , “Ата-энени урматтоо” туурасында  маалымат лекциясын окуп, түшүндурүү ишин өткөрдү.

Аталган жолугушуу мектептин жыйындар залында болуп, жетекчилик жана окуучулар толук катышты.

Аалам үчүн тынчтыктын мааниси кандай зарыл болсо, убакытты текке кетирбей туура пайдалануу инсан үчүн ошондой зарыл экендигин айтып, Алмазбек ажы окуучулардын суроолоруна жооп берди.