Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана хатибият жамааты көзү азиз Жолдош уулу Бусурманкулга бир тонна картошкө беришти

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана хатибият жамааты көзү азиз Жолдош уулу Бусурманкулга  элден бир тонна картошкө чогултуп беришти.

«Жалган дүйнөдө жакшы гана иштерди жасоо керек жана элдерди дайыма кайрымдуу болууга чакыруудабыз. Эмне берсең кол менен, ошол кетет сен менен. Биз аз эле убакыттын ичинде Жолдош уулу Бусурманкулга элден үшүр чогултуп  бердик», — деди райондун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков.