Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин короосу иретке келтирилди

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин айланасы Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Шаардын кооздугуна, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында, мечиттин капталында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерине брусчатка төшөлүп, мечиттин короосу темир тосмо менен тосулуп, сырдалды.

Бул иштин башында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өзү көзөмөлүнө алып, мындай ишти жасаганы үчүн Манас-Ата муниципалдык башкармалыгынын кызматкерлери келип, өз ыраазычылыктарын билдиришти.