Рамазан айынын беркеси менен Базар Коргон райондук хатибияты тарабынан Рамазан баштыкчасы таратылды

Сауд Араб Падышачылыгынын жараны шейх Соолих Мазяддин демөөрчүлүгү астында «Мусулмандар бири-бирине жакшылык кылууда — бир дене сыяктуу» деген чакырыктын алкагында бүгүн, 29-апрелде Базар-Коргон райондук хатибият кызматкерлери тарабынан 50 жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

«Бүгүнкү азык-түлүк башка күндөгүлөрдөн айырмаланып, жакшы таттуулар менен жаш балдардын да жүрөгүнө кубаныч тартуулай алдык десек жаңылышпайбыз»,-деди хатибияттан.

Мындай жакшы саамалыкты Базар-Коргон райондук хатибиятынын аппарат жетекчиси Умарбеков Алмаз ажы демилгелеп, атайын демөөрчү таап бир баштыкка 2000 сомдук азык-түлүк салып даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.