Ысык-Көл жергесинде Улуу Рамазан айынын урматына ысык тамак таратылууда. Жалпы 2000 адамга берилет

Берекелүү Рамазан айынын урматуна Ысык-Көл облусунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ИИБ, медицина кызматкерлерине, ооруканада жаткан бейтаптарга, балдар үйүнө жана кары-картаңдарг ысык тамак берилүүдө.

Бул тууралуу Каракол шаарындагы “Яхя Умар Филалий жана Фатима Мухаммад Фарисий” атындагы борбордук мечитинин имамы Сардар ажы Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, Катар кайрымдуулук фондунун  демөөрчүлүгү менен Ыйык Рамазан айынын урматына ысык тамак (плов салаты менен) Каракол шаарында уюштурулду. Мындай иш-чара Ысык-Көлдүн башка аймактарына дагы уланып, жалпы 2000 адамга берилет.

«Кайрымдуулук иштерин мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче уюштуруп келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, ошол себептен кайрымдуулук иштери жылына салт катары уюштурулат»-деди Сардар ажы Кененбаев.