Орозонун руханий жана физикалык пайдалары

Эгерде физикалык жактан карап көрсөк орозо бул зиректикти, зээндүүлүктү пайда кылат. Сабырдуу болууну, шүгүр кылууну үйрөтөт. Ошондой эле бири экинчисине камкордук кылып, жардам берүүнү пайда кылууга эң жакшы себеп экендиги да бизге маалым. Орозонун касиетин таң калып, бардык тартиптерине көңүл коюп, ыкластуулук менен кармай турган болсо, сараңдык, ачкөздүк жана ушулар сымал ар кандай начар сыпаттардан арылып, жакшы сыпаттар менен оролуп, инсан келбетинде жүргөн периштеге айланат.

Эми медицина жактан карай турган болсок: даарыгерлердин айтуусу боюнча: «Орозо бул физикалык күч-кубат топтоого эң жакшы себеп болот». Он бир ай бою ашказанда чогулуп калган ыплас нерселердин бардыгы бир айлык орозо себептүү жоголуп, ашказан тазаланат. Денсоолук чыңдалып, күч-кубат пайда болот. Айта бере турган болсок булардан да бөлөк физикалык, медициналык пайдалары өтө эле көп. Кала берсе руханий пайдалары да эсепсизге тете. Мисал катары айтсак: Периштелер ичип-жештен, жыныстык кумардануудан таза, Аллах Таала Өзү да мындай нерселерден аруу Зат, мына дал ошондой эле орозо кармаган инсан бир аз мөөнөткө болсо да периштелердикиндей сыпаттар менен сыпатталат.

Орозо себептүү кулк-мүнөз оңолуп, руханий күч-кубат пайда болот. Жүрөк, кала берсе мээбиз да нурга толот. Ачкачылыктын, суусугандын кыйынчылыгына сабыр кылуу күнөөлөрдүн жуулушуна себеп болот. Ошентип олтуруп адам баласы бардык сыпаттарга ээ болгон чыныгы инсанга айланат. Орозо аркылуу мүнөз жумшарат. Ачка жүргөндөрдүн кыйынчылыктарын сезип, кыйналып жүргөндөргө жардам берүүнү көздөп калат.

Орозо кармоочу ар дайым Кудай Таалага кулчулук кылып жүргөндөй болот. Суусуганда, ачка болгондо напси сууну, тамакты талап кылып калат, ошол учурда орозо кармоочу сабыр кылып, калыс Аллах үчүн чыдап: «Жок, азыр уруксат жок, азыр ичкенге болбойт» — деп, анын жүрөгү, бардык ою Аллах Таалага бурулуп калат. Мына ушундай абалга келип калуу бул – бардык ибадатардын жанданганы болуп саналат.