![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/04/WhatsApp-Image-2020-04-30-at-08.14.23-2.jpeg)
Талас шаарында муктаж үй – бүлөлөргө жеке ишкерлер тарабынан кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү. Жардам баштыгын Талас облус казыятынын окуу бөлүм башчысы Абдысамат уулу Өмүрзак ажы таратты.
Анда 8 үй-бүлөгө 20000 миңдин тегерегинде азык-түлүктөр таркатылып берилди. Ар бир муктаж үй – бүлөлөргө 25 кг ун, 2 литр суу май, 2 кг эт, 5 кг макорон, 1 кап картошка таркатылды.
“Бүгүнкү иш-чарабызда шаарыбыздагы жеке ишкер аркылуу, муктаж үй — бүлөлөргө кайрымдуулук иш чарасын өткөрдүк. Бул жолкусунда 8 үй-бүлөгө жардам колун сундук. Буюруса, жогорудагыдай кайрымдуулук иш-чараларын дагы да өткөрүп турабыз”, — деди Талас облус казыятынын окуу бөлүм башчысы Абдысамат уулу Өмүрзак ажы.