Талас шаарында 300 адамга ооз ачыруу уюштурулду

Кечээ, 29-апрелде Талас шаарында орозо кармаган жарандарга ооз ачыруу иш-чарасы өттү. Аталган соопчулук иш-чара Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен биргеликте Талас облус казынын орун басары Сагынбаев Медер ажынын катышуусунда 300 адамга ооз ачыруу уюштурулду.

Анда ар бир орозо кармагандарга бир жолу колдоонучу идиш менен ысык тамак жана салаттар жашаган жери боюнча таркатылып берилди.

«Карантинге байланыштуу бир жерге чогулуп ооз ачууга мүмкүн болбогондуктан орозо кармаган мусулман бир туугандарыбыздын даректерине жеткирип бердик”, — деди Талас облусунун казынын орун басары Сагынбаев Медер ажы.