Орозонун пазилеттери

Китептерде орозонун пазилеттери өтө эле көп жана кенен жазылган. Биз эскертүү иретинде үч хадис жазып кетебиз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Кимде-ким Рамазан айындагы орозону калыс Аллах үчүн кармай турган болсо, анда анын алдыңкы кичинекей күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет».

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет».

«Сахих Бухари» китебинде мындай риваят келтирилген: «Кыямат күнү орозо кармоочулар үчүн Арштын астында сый дасторкон жайылат. Алар болсо олтуруп алып, ал дасторкондон тамактанышат. Калган элдердин бардыгы сурак берип терге көмүлүп жаткан учур болот. Ошондо булар: «Элдердин бардыгы сурактан коркуп, терге бөлөнүп жатканда, тамактанып жаткандар ким?»-деп таң калып сурашат. Аларга периштелер: «Булар орозо кармагандар, силер болсо орозо кармаган эмессиңер»-деп жооп беришет».

Башка бардык ибадаттарга караганда орозонун Аллах Таала менен болгон байланышы өзгөчө деп бааланат. Себеби, башка ибадаттардын сообу периштелер себептүү ондон жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп жазылат. Ал эми орозо болсо бул бир өзгөчө ибадат, ал тууралуу Аллах Тааланын мындай деп айтканы бар: «Орозонун сообун Мен Өзүм беремин». Бул учурда эч бир периштенин да ортомчулугу болбойт. Ошондой эле кылган ибадатынын сообун чыныгы Падышанын өзүнөн алып жаткандыгы орозо кармоочуларга кандай гана сыймыктана турган, кубана турган нерсе экендиги жашыруун эмес. Жалган дүйнөдө да падышанын кол астында иштегендерден алганга караганда, падышанын өз колунан алган нерсе кандай баалуу болот экендигин байкап, көрүп эле жүрөбүз.

Кыямат күнү өтө коркунучтуу убакыт болуп турган кезди эстеңиз. Элдердин бардыгы, элдер бул жакта турсун, кала берсе пайгамбарлар да, оолуялар да Аллах Тааланын Улуктугунан, Каардуулугунан коркуп, калтырап турган учур болот. Макулуктардын бардыгы сооп жана күнөө иштери жазылган китептери себептүү терге батып, кээ бирлер тизесине чейин, кээ бири болсо белине чейин, а кээ бирлер аккан терисине көмүлүп кетет. Жаркыраган күн азыр ушунча алыстыкта туруп да, кээ бир күндөрү кандай кыйынчылык алып келип жатат. Кыямат күнү болсо төбөбүзгө алып келинет, мээлер кайнап кеткен учур болот. Ушул өтө коркунучтуу учурда Аллах Таала Өзү кээ бир пенделерине шапаат кылып, мындай азаптан сактап койот. Орозо да ошол күнү шапаат кылып, мындай азапан куткара турган амал болуп эсептелет. Элдерин бардыгы кыйналып жатканда, орозонун себебинен андай азаптан кутулуп кетүү, кандай гана чоң нээмат.

Урматтуу, окурмандар! Ушундай хадистерди окугандан, же болбосо уккандан кийин да орозо кармоого кызыгуу, шашылуу пайда болбосо, (Аллах бардыгыбызды сактасын!) анда билип коюңуз, жүрөк таштан да катуу болуп, күнөөлөрдүн себебинен кара чекиттерге толуп калган экен. Эми чын жүрөктөн тообо кылуу зарыл болот.

«Аллах Өз Мээрими, Ырайымы менен күнөөлөрдү кечирет жана катып калган жүрөктү жумшартат»-деп бекем үмүт кылабыз!