Социалдык желеде тараган маалыматка карата Аалымдар Кеңешинин кайрылуусу

Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен.
Урматтуу мекендештерим, ардактуу момун мусулмандар!
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда быйылкы Рамазан айынын он бешинчи күнүнүн жума күнгө туура келишинен улам айрым бир окуялардын жүзөгө ашышы, ал күнү мусулмандар үйдөн чыкпастан «Субхаанал Куддуус» дубасы менен Аллага сыйынуусу зарыл экендиги тууралуу айтылган кабар калк арасында таралууда. Бул маалыматтардын туура эмес экендигин баса белгилеп, төмөнкү негиздемелерге көңүлүңүздөрдү бурабыз:

  1. Мындай кабарга байланыштуу айтылган маалыматтар, сахих (далил болуп бере ала турган) хадистерди камтыган белгилүү хадис булактарында айтылган эмес; тескерисинче зайыф (далил болуп бере албай турган) жана мавзуу (ойдон токулган) кабарлар көп кездешкен китептерде орун алган. [1]
  2. Хадис аалымдары биз сөз кылып жаткан кабарды Азирети Пайгамбардан (с.а.в.),- деп айткан Файрууз ад-Дайламинин чындыгында Пайгамбарды (с.а.в.) көрбөгөндүгүн жана сахаба да болбогондугун баса белгилешкен. Ошондой эле, биз сөз кылган хадисти маалымдоо чынжырында орун алган Абдулваххаб Ибнул Даххактын да өз оюнан хадис токуу боюнча аты белгилүү адам экендиги айтылган. [2]
  3. Хадис аалымдары, келечекке байланыштуу «ушул жылы мындай окуя болот»,-деген мааниде күнүн белгилеп айткан кабарлардын жасалма экендигин баса белгилешкен. Буга мисал катары, бүгүнкү күндөрү эл ичинде жайылып жаткан «Рамазан айынын он бешинчи күнүнүн жума күнгө туура келиши…» жөнүндөгү хадисти да айтышкан.[3] Андыктан, хадис аалымдары, бир сөздүн Азирети Пайгамбарга (с.а.в.) таандык болуп, болбогондугу боюнча өтө кылдат изилдеп, тактап алууга үндөшкөн. Атактуу хадис китептеринде орун алып албагандыгын билбей туруп жана бул жаатта адистешкен белгилүү окумуштуулардын (хадис аалымдарынын) тастыктоосунан өткөрбөй туруп, хадистерде айтылып жатат деген маалыматтарга абдан кылдат мамиле кылууга чакырат. Бул боюнча Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Бир адамга жалган (күнөө) катары, ар бир укканын тактабастан жайылтуу жетиштүү!»,- деген хадисин эскертет. [4]
    Сөз соңунда айтаарыбыз он төрт кылымдан бери, быйылкыдай Рамазан айынын биринчи жана он бешинчи күндөрүнүн жума күнгө туш келиши көптөгөн жолу кайталанган. Ошондой эле, тарыхый булактарда да бүгүнкү күндөрү сөз кылынып жаткан окуялардын ишке ашкандыгы тууралуу эч кандай кабарлар болгон эмес.

Урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев

  Колдонулган адабияттар:
  1. Караңыз:Нуайм б. Хаммад, Китабул Фитан, I. 228-б.; Табарани, ал-Муьжамул Кабиир, 332-б. Айрыкча бул риваяттардын хадис аалымдары тарабынан «токулган хадистер» экендиги да изилденип, такталган.
    Караңыз: Алийул Коори, ал-Асраарул марфууа фил ахбаарил мавдууа, 182-б., Хадис №795; Суюти, ал-Лаялил маснууа фил ахаадиисил мавдууа II. 207-б.
  2. Караңыз: Хайсамии, Мажмауз Завааид, VII. 310-б.; Ибнул Жавзи, ал-Мавдууаат, III. 191-192-бб.
  3. Караңыз: Алийул Коори, ал-Асраарул марфууа фил ахбаарил мавдууа, 471-472-бб.
  4. Караңыз: Муслим, Мукаддима, 5-б.