«Достук» мечитинин жааматы кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жааматы кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту. Бул тууралу мечит имамы Хасан ажы Рахимов маалымдап, Рамазан айында кайрымдуу болууга чакырды.

Аталган иш-чара жааматтагы кайрымдуу инсандын демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, 30 миң сомдук азык-түлүк, мечиттин айланасында жашаган 15 муктаж үй-бүлөгө тапшырылды.

«Рамазан айында кайрымдуу иштерди көбүрөк кылышыбыз керек. Анткени, бул айда аткарылган бир парз амал 70 парзга тете болсо, кошумча кылынган (нафил) бир ибадат парзга барабар болот. Жараткан бардыгыбыздын кылган жакшылыктарыбызды, туткан орозобузду кабыл кылсын», — деди мечит имамы Хасан ажы Рахимов.