Орозо кармоого ниет кылуу


Ар бир ибадаттын дурус болушу үчүн ниет кылуу-шарт. «Мишкат» китебиндеги «Амалдардын бардыгы ниеттерге жараша болот»-деген биринчи хадис буга күбө. Демек, орозо да дурус болушу үчүн ниет кылуу керек. Ошондуктан, орозо парз болсун, нафил болсун, каза орозо болсун ниетсиз дурус болбой калат. Эч бир ниетсиз эле күнү бою жебестен, ичпестен жүрө берүүнү орозо деп айтпайбыз. Албетте, ниетти сөзсүз эле тил менен айтсын деген маселе жок, тил менен айтуу зарыл эмес. Саарлыкка туруу, саарлык кылуу да ниет кылганга барабар. Бирок, тил менен да айтып, ниет кылып койсо өтө жакшы болот.
Рамазан айында орозо кармоо үчүн күн сайын ниет кылуу – зарыл. Бир айлык орозо үчүн бир эле күнү ниет кылып коюу жетиштүү эмес .
Рамазан айындагы орозо үчүн түндө туруп ниет кылса, өтө жакшы болот. Бирок, түндөсү туруп, орозо кармоого эч бир ниети жок эле жүрүп, кийин таң атып кеткенден кийин: «Орозо Аллах Тааланын өкүмү эле. Жөн эле кармабай коюу дурус эмес»-деп, таң атып, жарык түшкөндөн кийин орозо кармоону ниет кылса, орозо кармаган болуп эсептелет. Эгерде таң аткандан баштап эч нерсе жебеген, ичпеген болсо. А эгерде бир нерсе жеп, же ичип алса, анда орозону ниет кылуу дурус болбой калат.

Ниет кылуунун акыркы убактысы

Эң биринчи таң саат канчада атаарын жана күн канчада батаарын карайбыз. Андан кийин таң аткандан баштап күн батканга чейин канча саат болсо, ошонун ортосун чыгарып алабыз. Мына ошол ортосуна чейин эч нерсе жебестен, ичпестен туруп орозону ниет кылган болсо, орозо эсептелет. Эгерде ортосунан убакыт өтүп кеткен болсо, анда орозону ниет кылуу дурус болбой калат. Ошондуктан, кээ бир китептерде этияттык кылып: «Ортосуна бир саат калганга чейин ниет кылуу керек»-деп жазылган. Демек, орозонун убактысы эгерде 14 саат болсо, анда таң аткандан кийин 7 сааттын ичинде эч нерсе жебестен, ичпестен ниет кылган болсо, орозо кармаган болуп эсептелет .