Майлуу-Суу шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жана тамак-аш азыктары таратылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жана тамак-аш азыктары таратылды. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди.

Анын айтымында, шаар ичиндеги кайрымдуу жарандардын көмөгү менен 11 үй-бүлөгө жалпы 11500 сом бөлүндү.

Мындан тышкары сот тармагында иштеген жаран 5000 сомго 4 муктаж үй-бүлөгө тамак азыктарын алып берди.