Григорьевка айылындагы колу жука үй-бүлөгө турак-жай курулуп баштады

Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында жакыр үй-бүлөөгө турак-жай курулуп баштады. Бул тууруасында Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдын тургуну, өтө жакыр турган Жайлообек Асанкожоевге райондук хатибият демилге кылып, бүгүнкү күндө 3 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы түптөлүп, учурда курулуш иши жүрүп башталды.

«Бул жакыр үй-бүлө, бала-чакасы дагы көп болгондуктан батирлерде жашап келет. Демөөрчүлөрдү издеп, учурда жүрүп жаткан иштер жеке ишкерлер Болот Текебаев, Эрмек Абдылдаевдердин демөөрчүлүгү астында жаңы турак-жай салынып жатат»,-деди Максат ажы Сейталиев.

Жаңы өргөлүү үй күзгө чейин эле курулуп, ачкычы өз ээлерине тапышырмакчы.