Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө рамазан баштыкчаларын таркатты

Кечээ, 1-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө рамазан баштыкчаларын таркатты. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Шаиков Тынчтык ажы билдирди.

Аталган азык-түлүк үч баштыкчадан түзүлүп, бирине — ун, экинчисине — курма, чай, макарон, таттуулар салынса, үчүнчүсүнө — гүрүч, гречка, нокот, кумшекер, өсүмдүк майы жана башка күнүмдүк тамак ашка колдонулуучу азыктар салынган. Жалпысынан ар бир үй-бүлөгө 1800 сомдук рамазан баштыктары жеткирилди.

«Бүгүнкү азык-түлүктөн имамдардын сап башында турган айыл-аймак баш имамдары жана элди дүрбөлөңгө салуунун алдын алып, ыкчам иш алып барган ички иштер кызматкерлери да алышты. Ушул сыяктуу жакшы иштер аз болсо да арты үзүлбөй уланып турса деген изги ой-тилектерибиз бар»,-деди Шаиков Тынчтык ажы

Кайрымдуулукка демөөрчү болгон маркум Саалим Салих Ал-Ужайминин уулдары болгон.