Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен 700 000 сомдук жардам баштыкчалары таркатылды

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен 700 000 сомдук жардам баштыкчалары жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таркатылды.

Жардамдар Бишкек шаарына, Беловодск, Жайыл районуна, Ыссык-Көл облусуна, Баткен облусунда жашаган муктаж үй-бүлөлөргө жеринде жеткирилип берилди.

Жардам баштыкчасынын ар бири 1000 сомдук азык-түлүк түздү. Анда: 5 кг ун, 5 кг кумшекер, 5 кг күрүч, 2 литр өсүмдүк майы жана чай бар.

«Элибиздин башына ушундай мүшкүл түшүп турганда жардам колун сунган бардык мусулмандарга «Ильшат» кайрымдуулук фондуна. Жакындан көмөк көрсөткөн «Махмуд Кашкари» мечитинин имам хатиби Иляс ажы Абдувалиевге терең ыраазычылык билдирем»,- деди Садридин ажы.