Ысык-Көл райондук хатибияты жардамга муктаж 12 үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Бүгүн, 2-майда Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиевдин демилгеси менен 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө акча каражаты жардамга муктаждарга, жетим-жесирге жалпы 12 үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө таратылып берилди.

Жергиликтүү жеке ишкер Эрмек Абдылдаевдин атынан көрсөтүлгөн жардамга жалпы эл ыраазычылыктарын билдирип, ишине ийгилик каалап, дуа кылышты.

«Бүгүнкү кылган кайрымдуулук ишибиз быйылкы жылда аткарылуучу иш-мерчемибизде каралып, жардамга муктаж, айрыкча жетишпеген үй-бүлөлөр, кары-картаңдар дагы четте калбастан, Рамазан айынын урматына жардам кылып, аракеттерибизди  көрүүдөбүз»,- деди баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев.