Манас районунун Уч – Коргон айылындагы 20 муктаж үй – бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү

Талас облусуна караштуу Манас районунда жайгашкан Үч — Коргон айылынын тургуну, демөөрчү Мырзаев Тайыржан 20 муктаж үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.

Кайрымдуу жаран ар бир үй-бүлөгө 1000 сомдон жалпы 20 000 сом акча каражатын сарптаган. Бул каражатты аталган райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Уч – Коргон айылынын тургундарына таратып берди.

“Мурда да Тайыржан акебиз эл журтка, мечиттерге тез – тез жардам берип турчу. Бүгүнкү кыйын абалда элдин камын ойлоп, улуу Рамазандын урматына ушундай кайрымдуулук жасап жатканына эл абдан ыраазы. Аллахым өмүрүнө, үй-бүлөсүнө, тапканына береке берсин”,-деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.