Саарлык кылуунун пазилеттери жана маселелери


Аллах Тааланын түзүп койгон шариаты өтө таң калыштуу. Аллахтын алдында бардык нерсенин казынасы бар. Аллах Таала ар бир нерсеге Кудуреттүү. Аллах Таала Өзү тууралуу Куранда мындай деген:
و هو يطعم و لا يطعم
«Ал ырыскы берет, а Өзү ырыскыга муктаж эмес» (Анъаам 14)
Аллах Таала Өз пенделерине ырайымын төгүп, ырыскы берүү үчүн шылтоо издейт. Орозо күндөрү саарлык кылуу жөнүндө ойлонуп көрөлү. Негизи саарлык учурунда тамактануу бул пенденин өзү үчүн гана, пенденин зарылчылыгы. Бирок, орозонун байланышы түзмө-түз Аллах Таала менен болгондугу үчүн, саарлыкта дагы мусулмандар үчүн сооп жана берекелерди төгүп койгон. Саарлык кылуу бул – сүннөт амалдардан. Хадисте анын өтө чоң пазилети кабарланат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: «Жөөт, христиан жана мусулмандардын орозосунун ортосунда бир гана саарлык кылуу айырмасы бар». Б.а биз мусулмандар саарлык кылабыз. А алар болсо саарлык кылышпайт. Дагы башка хадисте мындай деп айтылат: «Саарлык кылгандарга Аллах Таала жана Анын периштелери ырайымын жаадырат». Эгерде курсак ачпаса, же тамактанууну каалабаса да бир-эки кашык тамак жесе, же жок дегенде бир ууртам суу ичсе да сүннөткө амал кылган болуп эсептелет. Дагы башка хадисте мындай деп кабарланат: «Саарлык тамагында береке бар». Б.а кечке чейин денеде күч-кубат болуп, орозо кармоочу шаңдуу жүрөт.
Саарлыкты ооз бекитүү убактысына чейин шашпай кечиктирип кылуу – мустахаб болот. Азыркы учурда атайын календарлар чыгарылат, ошол жерде ооз бекитүү убактысы, б.а таң аткан убакыт жазылган. Мына ошол убакытка чейин кечиктирип шашпай тамактанып, анан оозду бекитүү соопту амалдардан деп айтылат. Бирок, таң атып кеткенге чейин оозду бекитип үлгүрүп калыш керек. Кээ бир элдер таравих намазын окугандан кийин дароо тамактанып, анан жатып алышат. Ошобойдон саарлык кылбастан, багымдат намазына туруп, орозо кармоону ниет кылып коюшат. Мындай кылса деле орозо кармаган болуп эсептелет. Бирок, саарлык кылуунун сообунан кур калышат. Орозо кармоочулар саарлык кылууга көңүл коюш керек. Бул өздөрү үчүн гана пайда жана кут-берекеге себеп болот. Ошол эле учурда ибадат кылууга күч-кубат болбой турганчалык аз, же болбосо эртеден кечке чейин кекирип жүргөнчөлүк көп да жеп алуудан этият болуу керек. Себеби, динибизде мындай кылуудан кайтарган хадистер айтылат.
Орозо кармоочулар үчүн түндүн акыркы бөлүгүндө, таң атканга аз калганга чейин саарлык кылуу – сүннөт. Жарым түндөн кийин саарлык кылган болсо дагы сүннөт аткарылган болуп эсептелет. Бирок, түндүн акыркы бөлүгүндө саарлык кылуу абзел. Саарлык тамагынан бошогондон кийин, орозо кармоону жүрөктөн эле ниет кылып койсо жетиштүү болот. Тил менен да атайын ниет кылып, ооз бекитүү дубасын окуп койсо андан да жакшы.