Кара-Суу районунда имамдардын демилгеси менен 1030 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1500000 сомдон ашуун азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн жана Сарай айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен аз камсыз болгон 1030 үй-бүлөлөргө 1500000 сомдон ашуун кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү.

Анда Шарк айылдык аймагында 6 имамдын демилгеси менен 707000 сом, Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 3 имамдын демилгеси менен 550000 сом, Сарай айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 170000 сом, Төлөйкөн айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 108000 сом, жалпы 16 имамдын демилгеси менен   1,535,000 сом каражат топтолуп, кайрымдуулук үчүн сарпталды.

Азык-түлүктөрдөн ун, май, эт, макарон, күрүч, кум шекер, чай, туз, картошкө, сабиз жана пияз сатылып алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат жергиликтүү жамааттардан жана ар кандай берешен инсандар тарабынан каржыланды.

«Чындыгында Улуу Жаратуучу биздин кылган садакаларыбызды эселеп кайтарат.  Бул туурасында Ыйык Куранда «Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптагандар, ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Аллах кимге кааласа көбөйтүп берет. Аллах – жоомарт, билүүчү» деп келет. Бул жерде биз 1 жакшылыгыбыз үчүн 700  эсе сооп алабыз деп түшүнсөк жаңылган болбойбуз», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Маалымат үчүн, буга чийин апрель айынын алгачкы күндөрүнөн тарта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн,  Сарай жана Савай айлыдык аймактарында имамдардын демилгелери менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  кайрымдуулук баштыкчалары  таратылып келет.