Ак-Талаа районунда Ак-Талаа мечитинде 20 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда баш имам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Талаа мечитинде 20 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Бул тууралуу Ак-Талаа районун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын атымында, Ислам дини да табиятка аяар мамиле кылууну буйруйт. Андыктан жашылдандыруу, жаратылышты сактоо бул адамдын биринчи милдети.

«Пенденин кылганына шүгүр кылбаган Аллага шүгүр кыла албайт». Бүгүнкү күндөгү кырдаалга карабастан убактысын бөлүп мечитке келип колдоосун көрсөтүп бергендиги үчүн аким Сейтек Кулубаевичке ыраазылыгын билдиребиз»,- деди Акылбек Эсеналиев

Белгилей кетсек, көчөт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясын жетекчиси аким Сейтек Кулубаевичтин демилгеси менен 20 балатынын көчөтү алынып келинип, мечиттин короосуна жаамат менен чогуу отургузулду.