Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда дин кызматкерлеринин чукул жыйыны болду

Бүгүн, 28-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Хызыр Алейхиссалам” жума мечитинде чукул жыйын болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков, областтык комендатуранын алдында түзүлгөн “Бирге жеңебиз” аттуу штабтын жетекчиси Нематулла ажы Жээнбеков жана шаардын имамдары катышты.

Жыйында маанилүү маселелер каралып, учурдагы кырдаалга карата имамдар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди. Каралган маселелер таравих намаздарын мечиттерде окууга жол бербөө, ооз ачырууну каалаган жарандар калктын муктаж катмарына азык-түлүк түрүндө таратып берүүсүн түшүндүрүү жана карантин мөөнөтү узаргандыгына байланыштуу калкты сабырдуулука жана комендатура тарабынан коюлган талаптарды так аткарууга чакыруу болду.

Карантин мөөнөтү узарган сайын элибизде муктаждардын саны дагы көбөйөт. Ооз ачырууну ниет кылган жарандарды муктаж адамдарга азык-түлүктөн жардам берүүсүнө чакыралы жана сооп табууда артык экендигин түшүндүрөлү”,- деди Ордобек ажы.