Орозо кармоо качан парз болгон?

Негизи орозо кармоо амалы Адам атадан бери эле уланып келет. Адам атанын доорунда орозо кармоо ар бир айдын он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрү парз болгон экени риваяттардан маалым. Жөөттөр менен христиандар да орозо кармашат. Булардан тышкары көптөгөн башка дин деп карманган жолдордо да орозо кармоо амалы бар экенин билебиз. Демек, дүйнөдөгү бардык эле диндерде орозо кармоонун зарылдыгы жана өтө көп пазилеттери бар экендиги байкалат. Илгерки Адам атадан тартып, пайгамбарлардын мөөрү болгон Азирети Мухаммад (с.а.в) пайгамбарыбызга чейинки ар бир коом жана динде орозо амалынын кандайдыр бир сүрөтү болгон экенин байкасак болот.

Пайгамбарыбызга (с.а.в) пайгамбарчылык милдети берилгенден кийин он үч жылга чейин Ыйык Мекке шаарында элдерге Кудай Тааланын өкүмдөрүн угузуп, элдерди таза динге чакырган. Бир топ убакытка чейин жалгыз Кудайга ыйман келтирүү жана ар кандай кудайчалардан оолак болуп, аларды таштоодон башка эч кандай өкүм болгон эмес. Андан кийин аз-аздан Аллах Таала тараптан өкүмдөр түшө баштаган. Ошентип эң эле биринчи парз амалдардын ичинен намаз парз кылынган. Андан кийин Мекке шаарынан нурлуу Мадина шаарына мусулмандар көчүп, ошол жерде анан көптөгөн өкүмдөр түшө баштаган. Мына ошол Мадина шаарында түшкөн өкүмдөрдүн бири Рамазан айындагы орозо болуп саналат.

Алгач Ашура орозосу м.а Мухаррам айынын онунчу күнү орозо кармоо парз кылынган. Андан кийин Рамазан айынын орозосун кармоого өкүм берилип, Ашура орозосу парз болбой калган.

Орозо жаңыдан парз болгон учурда мусулмандарга ар кандай жеңилдиктер бар болчу. Мисал катары айтсак: Ким кааласа орозо кармайт эле, кааласа бир күндүк орозонун ордуна бей-бечарага бир күндүк тамак-ашын берип койчу. Ушинтип Аллах Таала Өз Мээримдүүлүгү менен алсыз болгон пенделерине карап, акырын-акырындан орозо кармоону адаттандырган. Бир канча убакыт өткөн соң мусулмандарга орозо кармоо жеңил болуп, элдер көнүп калганда, үзүрү бар жана оорулуулардан башка бардыгына орозо кармоо бекем милдет болуп, жогоруда айтылган ыктыяр күчүн жоготкон. Мадина шаарына көчкөндөн кийин 2-хижрий жылы, Шаъбан айынын онунда Нурлуу Мадина шаарында Рамазан айында орозо кармоо парз деген өкүм түшкөн. Андан башка орозолордун бардыгы парз болбой калган. Рамазан айындагы орозонун парз экендиги Куран, хадис жана ижмаъ[1] аркылуу бекемделет.


[1] Бир доордо жашаган Курандан жана хадистерден өкүм чыгара алчу ахли сүннөт аалымдарынын бир маселенин чечиминдеги сөз бирлиги.