Баткен районунун Чоң-Талаа айылында муктаждарга 110000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Баткен районун Чоң-Талаа айылынын имам Шайырбек Кушматов жана айыл өкмөттүн кызматкери Ашим Эрданаев биргеликте жардамга муктаж 12 үй-бүлөгө 4 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мындан тышкары оорулуу бир жаранга 20 миң сом, ошондой эле 30 үй-бүлөгө муктаждыгына жараша жардам берилип, жалпы 110 миң сомдук жардам берилди.

Кайрымдуулукка кеткен акча каражаты чет өлкөдө эмгектенген Чоң-Талаа айылынын жашоочулары тарабынан которулган.