Степной айылында жашаган 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Степной айылында муктаж 15 үй-бүлөгө 20 миң сомдук азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу айыл имамы Магамед Шамырзаев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал режиминде айылдаштарын ойлоп, демөөрчүлүк кылган мекендешибизге ыраазычылыгын билдирди.

«Бул иш-чара айыл тургуну Субанбеков Таалай атту жигиттин демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, Степной айылынан колу жука 15 үй-бүлөгө ун жана май тапшырылы. Кудайым буюрса башыбызга түшкөн илдетти сабырдуулук, тартиптүүлүк жана ушундай кайрымдуу мекендештерибиздин жардамы менен жеңгени калдык. Жалпы эле кайрымдуулук кылып жаткан ар бир жаранга терең ыраазычылыгымды билдирем», — деди айыл имамы Магамед Шамырзаев.

Эске сала кетсек, өзгөчө абал оежимине байланыштуу жалпы Чүй облусу боюнча кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда.