Манас районунда жашаган жардамга муктаж 100 үй – бүлөгө тамак-аш азыгы таратылды

Кечээ, 26-апрелде Талас облусундагы Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарында жашаган чыгаан жигиттердин демөөрчүлүгү менен “Садака Жария” максатында 100 баштык азык-түлүктөр жиберилди.

Берекелүү Рамазан айында берилген жардам баштыгы тизмеде турган колу жука үй — бүлөлөргө таратылды.

Ар бир баштык  5кг ун  5кг макарон. 1л май  3кг сахар. 5кг күрүч. 100г чай. 1дана самын болуп 1000 сомдук каражат түзгөн. Жалпы 100 000 сомдук жардам Манас районуна муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып берилди.

«Ыраазычылыгымды билдирип берешен жигиттерибизге Аллахым Өзү ыраазы болуп, тапкандарына береке, үй бүлөлөрүнө тынчтык, амандык насип этсин”, — деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.