Талас шаарындагы “Ассахаба” мечити көрктөндүрүлүп, 16 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Кечээ, 26-апрелде Талас шаарындагы “Ассахаба” атындагы мечитте көрктөндүрү иш чарасы болуп өттү. Иш-чарага Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы, Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров Алтынбек жана мечиттин чакан жамааты катышып, мечиттин тегерегин тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембилик болуп өттү.

Ишембилик учурунда мечиттин айланасына 300 декоративдик бадалдар, 16 ийне жалбырактуу көчөттөр тигилип, тегерек чети тосулду.

“Жашылдандыруу,  жаратылышты сактоо бул адамдын биринчи милдети. Ислам динибиз да табиатка айыр мамилени жасоону буйруйт. Ошондой эле  Манас атабыз өзүнүн осуятында «Табият менен таттуу мамиледе болгула» деп айткан. Андыктан ар бирибиз бирден чырпык болсо да  сайып  жаратылыштын кооздугун сактап калалы”, — деди Талас облус казысы Бапиев Таалай ажы.