КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху! Урматтуу кыргыз элим, жалпы кыргызстандыкдыктар. Анын ичинде Россия Федерациясында эмгектенген мекендештер! Сиздерди берекелүү Рамазан айы менен чын дилимден куттуктаймын!

Рамазан айында баардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөрдө ынтымак, биримдик каалайм. Бул айда сооп амалдарды көбөйтүп, бири-бирибизге сыйлап, көмөктөшүп, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилеп дуба кылып, көптөгөн жакшы жетишкендиктерге, сооп амалдарга жетишибизге Алла Таалам жеткирүүгө насип этсин!

Баардыгыңыздарды Кудайым буюрса эсен-аман Орозону толук кармап алышыңыздарга тилектешмин. Аллах Таала мамлекетибизге тынчтык берсин, өлкөбүз алдыга карай өсүп-өнүгүп, гүлдөй берсин.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясынын өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев.