Каракол шаардык хатибияты медицина кызматкерлерине жардам баштыктарын таратты

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен кайрымдуу биртуугандарыбыздын демөөрчүлүгү астында,  Каракол шаарындагы блокпосттордо турган 16 медицина кызматкерине жардам баштыктары берилди.

Каракол шаардык хатибияты тарабынан берилген жардам баштыктарына блок посттордун жетекчилиги жана кызматкерлери ыраазычылык билдиришти.

«Ыйык Рамазан айынын келиши менен хатибият жамааты кайрымдуулук иштерибизди колубуздан келишинче жүргүзүп жатабыз. Бул ирет, учурда кырдаалга байланыштуу күн-түн дебей кызматта турган медицина кызматкерлерине дагы болгон жардамыбызды көрсөтүүдөбүз. Каракол шаардык хатибиятынын эмгек жамаатынын атынан медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз,”-дейт Талант ажы Сабриков.