Каракол шаарында колу жука 70 үй-бүлөөгө кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Ыйык Рамазан айынын урматына Каракол шаарынын «Иброхим Ажы» атындагы борбордук мечитинде, Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты жана Каракол шаардык хатибият менен биргеликте кезектеги кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү.

Анда аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоцияциясынын “Бир билек- бир тилек” кайрымдуулук борборунун демөөрчүлүгү менен 70 үй-бүлөнүн ар бирине 2 000 сомдук тамак-ашы жардам катарында таратылды.

Мындан сырткары майыптар, жалгыз бой энелер дагы четте калбастан жардам көрсөтүлдү.

«Мындай иш-чараларды жылыга уюштуруп келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, андыктан колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин уюштуруп, муктаж биртуугандарыбызга жылуу маанай тартуулай бермекчибиз»-деп билдирди облус казысы Алмазбек ажы Сгындыков.

Мындай көрсөтүлгөгөн жардам үчүн уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылыктарын билдиришти.