Манас районунда жаштардын ынтымагы менен 47 муктаж үй – бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылында жаштардын ынтымагы менен кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Мындай соопту ишке себеп болгондор 1991 жылы туулган эр азаматтары жалпы 75 500 сом чогултушуп, айылдагы 47 муктаж үй бүлөлөргө азык – түлүктөр жана күнүмдүк колдонуучу каражаттар алынып берилди. Тактап айтканда ар бир баштыкта ун, күрүч, горох, пияз, картошка, май, чай, кум шекер, самын, айна, туз, томат, макарон ж.б.

Айылдын имамы Юнусов Абдуманап жана айыл аксакалдары менен кошо таратышкан жаштар бул иш-чара акыркысы эмес келечекте дагы уланаарын баса белгилешти.