Токтогул районунун борбордук мечитинде 45 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун борбордук мечитинде «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан райондун аймагындагы 45 жетим балага азык-түлүк жана таттуулар таркатылды.

Кайрымдуулукту таркатууда райондун баш имам хатиби Алипбай ажы Борошбаев муктажтарды тизмеге алып, анын негизинде бөлүштүрүлүп берилди.

Баш имам хатибтин билдиргендей, ар бир баштыктын суммасы 1500 сомду түздү.