Бала – Саруу айылында 50дөн ашык үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылып берилди

Бүгүн, 5 – майда Талас облусуна караштуу Манас районунда жайгашкан Бала – Саруу айылынын эр азаматтары тарабынан 50дөн ашык үй — бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Демөөрчүлүктү колго алган жигиттер чет мамлекетинде иштеп  150 000 сом акча каражатын банк аркылуу которушкан.

Түшкөн каражатты айыл имамы Жеңишбек Туралиев, айыл аксакалы Токон ажы жана башка комиссия мүчөлөрү менен биргеликте айылда тизмеде турган муктаж үй – бүлөлөргө таратылып берилди.  Ар бир баштыкта 1 кап ун, 5л май, күрүч, кум шекер жана башка азыктар камтылган. Жалпысынан 150 000 сом түзүп, 50дөн ашык үй – бүлөлөргө берилди.

 “Аллахым берешен адамдарга жана кызмат кылгандарга ыраазы болуп, эки дүйнө бактылуулугун насип этсин” – деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.