Ак-Талаа хатибияты блокпосттордо тургандарга ооз ачтыруу уюштурушту

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын Ак-Талаа районунун хатибияты тарабынан блокпосттордо тургандарга ооз ачтыруу уюштурулду. Бул тууралуу Ак-Талаанын баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда баш имам хатиби Акылбек Эсеналиевдин демилгеси менен хатибияттын кызматкерлери жана мечит жамааты колдоого алып учурдагы кырдаалга карабай күн-түн дебей блокпосттордо кызматта турган дарыгерлер, милиция жана медицина кызматкерлери үчүн Ыйык рамазан айы менен куттуктап, алар үчүн ысык тамак уюуштурулуп, ооз ачыруу болду.

«Элдин саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге, калктын саламатты үчүн өтөп жаткан кызматыңыздарга жараткан Аллах ыраазы болсун»,- деди баш имам хатиб

Ошону менен биргеликте элибиздин тынчтыгы саламаттыгы үчүн дуа кылынды.